Ташкент, 02.02.26. /Кабар/. Өзбекстан 2025-жылга карата дүйнөдөгү эң даамдуу ашканалар рейтингине кирген жок. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар World Population Review уюмуна таянып билдиришти.
Маалыматка ылайык, грек ашканасы дүйнөдө эң даамдуу деп кайрадан таанылды. Андан кийинки орундарды Италия менен Мексика ээледи. Алдыңкы ондук 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн жок. Тизмеге ошондой эле Түркия, Испания, Португалия, Индонезия, Франция, Япония жана Кытай кирди. Бул өлкөлөрдүн ашканалары 2025-жылы эң жогорку бааларды алышкан.
Рейтинг болжол менен 400 миң жеке пикирдин негизинде түзүлүп, анда 99 өлкө камтылган. Россия КМШга кирген өлкөлөрдүн көбүн артта калтырып, 34-орунду ээледи. Анын алдында Грузия (30-орун) жайгашты. Украина 43-орунда, Беларусь 75-орунда, Литва 39-орунда, Латвия 78-орунда, Азербайжан — 56-орунда орун алды.
Ал эми Армения менен Казакстандын ашканалары рейтингдин эң акыркы бөлүгүндө калып, тиешелүүлүгүнө жараша 92- жана 93-орундарды ээледи. 2024-жылы Өзбекстан, Кыргызстан жана Молдова дагы төмөнкү орундарда турган. 2025-жылы бул өлкөлөр рейтингден чыгып, алдыңкы жүздүккө да кирген жок.
Рейтингдин жыйынтыгына ылайык, эң даамсыз ашканалар Никарагуа, Лаос жана Боливияда деп табылып, алар акыркы үч орунду ээледи.
Серепчилердин баамында, "эң мыкты ашкана" түшүнүгү субъективдүү мүнөзгө ээ.