Ташкент, 05.03.26. /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Өзбекстандын бийлиги ата мекендик экспорттоочуларды ыкчам колдоонун атайын тартибин ишке киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактагы геосаясий чыңалуу Жакынкы Чыгыш багыты аркылуу өтүүчү транзиттик жолдорго жана тышкы соода операцияларына түз таасирин тийгизүүдө. Ишканалар жүк ташууда кечигүүлөргө, логистикалык үзгүлтүктөргө, бажы жол-жоболорундагы тоскоолдуктарга жана эл аралык эсептешүүлөрдөгү кыйынчылыктарга дуушар болууда.
Экспорттоочуларды колдоо максатында министрлик ишкерлерге ыйгарым укуктуу органдарга түз кайрылууга мүмкүнчүлүк берген ыкчам механизмди иштеп чыкты. Тактап айтканда:
- Кайрылуулар атайын Telegram-бот аркылуу кабыл алынат;
- Республикалык экспорттук штабдын алдындагы 24/7 байланыш борбору аркылуу күнү-түнү жардам көрсөтүлөт.
Кабыл алынган чаралар тышкы сооданын туруктуулугун камсыз кылууга, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана эл аралык туруксуз кырдаалда өлкөнүн экспорттук дараметин сактап калууга багытталган.