Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Өзбекстанда абанын булганышы күчөгөн учурда чара көрүү боюнча атайын алгоритм иштелип чыгууда. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, президенттин абанын сапатын жакшыртуу боюнча жарлыгына ылайык, аба өтө булганып кеткен учурларда мамлекеттик органдар иш графигин өзгөртүп же кызматкерлерди аралыктан иштөөгө өткөрүшү мүмкүн. Бул шаардагы жүктөмдү азайтып, адамдардын ден соолугун коргоо максатын көздөйт.
Абанын булганышы тууралуу жарандарга SMS, ЖМКлар жана санарип платформалар аркылуу алдын ала эскертүү берилет. Мындан тышкары, айрым учурларда жарандардын көчөдө жүрүүсүнө чектөө киргизилиши мүмкүн. Айрыкча бул чаралар балдарга, улгайган адамдарга жана өнөкөт оорулары бар жарандарга тиешелүү болот.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринде ачык абада өтүүчү сабактар убактылуу токтотулуп, массалык иш-чаралар чектелиши ыктымал. Пландалган чаралардын катарына өндүрүш, энергетика, курулуш жана транспорт тармактарындагы ишмердүүлүктү убактылуу азайтуу, курулуш иштерин чектөө, унаа агымын кыскартуу жана чаңды азайтуу боюнча аракеттер да кирет.
Абанын сапатын жакшыртуу боюнча бирдиктүү нормативдик документтин долбоору 2026-жылдын 30-декабрына чейин сунушталышы күтүлүүдө. Буга чейин Ташкент шаарында абанын сапатын жакшыртуу үчүн жасалма жамгыр жаадыруу мүмкүнчүлүгү да каралып жатканы кабарланган.