Ташкент, 23.02.26. /Кабар/. Өзбекстандын министрлер кабинети жогорку квалификация категориясына ээ, 15 жылдан кем эмес эмгек стажы бар мугалимдерге турак жайды ипотека аркылуу сатып алууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү тартибин бекитти.
Чечимге ылайык, ипотекалык насыянын баштапкы төлөмүнүн 25 пайызына чейинки бөлүгүн мамлекет төлөп берет. Колдоо жаран туруктуу каттоодо турган аймакта жаңы курулган турак жай сатып алууга гана берилет.
Субсидия жогорку категориядагы, кеминде 15 жылдык иш тажрыйбасы бар, оң кредиттик таржымалга ээ жана буга чейин ушундай колдоо албаган педагогдорго каралган. Бир үй-бүлөгө мамлекеттик жардам бир жолу гана көрсөтүлөт.
Арыздар социалдык талаптар боюнча автоматтык тартипте текшерилип, эки жумуш күнүнүн ичинде талапкерге QR-коду бар электрондук билдирүү жөнөтүлөт. Ипотека банк тарабынан белгиленген ички эрежелерге ылайык таризделет, ал эми субсидия каражаты баштапкы төлөм үчүн гана багытталат.
Эгер баштапкы төлөм субсидия өлчөмүнөн ашса, айырмасын талапкер өзү төлөйт. Экономика министрлиги банк кайрылгандан кийин беш күндүн ичинде каражатты которот.
Белгиленген тартип бузулган же жалган маалымат берилген учурда субсидия берилбейт. Ипотекалык келишим токтотулганда же турак жай сатылганда берилген каражат толук көлөмдө мамлекетке кайтарылат.