Өзбекстанда балдарга ыдык көрсөткөндөргө жаза күчөтүлөт

Борбор Азия Загрузка... 05 Март 2026 14:14
c_04_0.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 04.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда балдарга каршы жыныстык мүнөздөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда. Ага ылайык, бачабаздарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын колдонуу жана соттолгондорду түзөтүү мекемелерине которууга тыюу салуу каралган. Бул демилгелер президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында аялдар менен балдардын укуктарын коргоону күчөтүү маселеси каралган жыйында айтылганын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, жыныстык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөө боюнча ыйгарым укуктарды ички иштер органдарынан прокуратурага өткөрүп берүү сунушталууда. Ошондой эле ыдык көрсөткөндөргө беш суткага чейин административдик камак киргизүү сунушталды. Мындай фактылар боюнча административдик материалдарды кароодо кылмыш курамы жок экени тууралуу прокурордун милдеттүү корутундусу талап кылынмакчы.

Тергөө иштеринин сапатын жогорулатуу максатында мындай иштерди кароого атайын даярдыктан өткөн адвокаттарды, тергөөчүлөрдү жана судьяларды тартуу каралууда. Зомбулуктан жабыркаган аялдардын уюлдук телефондоруна "SOS" тиркемесин орнотуу да сунушталып, ал ички иштер кызматкерлерин 5 чакырым радиуста 10 мүнөт ичинде чакырууга мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстан боюнча зомбулук жана кысым көрсөтүүнүн 48 миңден ашык учуру катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 121 пайызга көп. Ошондой эле өткөн жылы балдарга карата зомбулук фактылары боюнча 40тан ашык кылмыш иши козголгон.