Ташкент, 26.02.26. /Кабар/. Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 АКШ доллары) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилет. Бул тууралуу өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет.
Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар 10 млн сум (817 АКШ доллары) өлчөмүндө сый акы алышат.
Мындан тышкары, адабият өкүлдөрүнө да колдоо көрсөтүлөт. Таланттуу авторлорго бир жыл аралыгында ай сайын 20 млн сум (1 634 АКШ доллары) өлчөмүндө төлөм менен чыгармачылык буйрутмалар берилери маалымдалды.
Бул чаралар жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга жана заманбап улуттук адабиятты өнүктүрүүгө багытталган.