Ташкент, 02.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда жарандар үчүн бажы декларациясын толтуруунун тартиби жөнөкөйлөдү. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясын толтуруу боюнча нускамага өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, эми жарандар декларацияны бажы кызматынын мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта автоматтык түрдө толтура алышат. Бул чек ара көзөмөлүнөн өтүүнү ылдамдатууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, бажы кызматкерлерине декларациялардагы техникалык каталарды жарандардын кызыкчылыгы үчүн оңдоого укук берилди.
Ошол эле учурда айрым талаптар такталды. 16 жашка чейинки балага тиешелүү буюмдар декларацияланганда, анын ээсинин паспортунун же ID-картасынын номери көрсөтүлүшү керек.
Өлкөгө алып кирилген бардык уюлдук телефондор милдеттүү түрдө декларацияланат. Бул талап бажы алымынан бошотулган чектен ашкан-ашпаганына карабастан колдонулат. Өзбекстан аймагында сатуу үчүн алып келинип, тиешелүү маалымат базасына катталган телефондор гана өзгөчө тартипте каралат.
Адистердин баамында, жаңыланган тартип жарандар үчүн жол-жобону жеңилдетүүгө жана товарларга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.