Перс булуңундагы өлкөлөрдөн өзбек жарандары эвакуацияланат

Борбор Азия Загрузка... 03 Март 2026 15:50
c_03_.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.03.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Перс булуңундагы өлкөлөрдө жүргөн жарандарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу "УзА" улуттук маалымат агенттигинин жетекчисинин орун басары Хушнудбек Худайбердиев билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү көрсөтмө премьер-министр Абдулла Ариповго жолдонгон. 2-мартта министрлер кабинетинде өткөн видеоселектордук жыйында жарандарды коопсуз жана уюшкан тартипте эвакуациялоо маселеси каралып, так милдеттер белгиленди.

Өлкөнүн бардык авиакомпанияларына Перс булуңундагы мамлекеттерде жүргөн жарандарды алып келүү боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Өзгөчө Жидда — Ташкент багыты боюнча атайын каттамдарды уюштурууга басым жасалууда.