“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу 2027-жылы аяктайт - Текебаев

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 11:40
495201975_9688.max-2560x1440..max-1920x1080.format-webp.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Сузак районунда курулуп жаткан “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу 2027-жылы аяктайт. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында gрезидентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аба майдандын учуп-конуу тилкеси 3800 метр болуп, 4E категориясында эл аралык мааниде болот.

“Жаңы салынып жаткан аэропортто саатына 350 жүргүнчүнү кабыл ала турган 3 кабаттуу терминал иштейт. Аэропортту курууга Сузак районунун Багыш айыл аймагынан 381 гектар жер бөлүнүп берилген. Азыркы аэропорт шаар ичинде жайгашкандыктан, өтө кооптуу”,- деди Текебаев.

Ошондой эле ал өз сөзүндө облустун калкынын көйгөйлөрүн чечүү максатында ар бир бейшемби күнү саат 14:00дөн тартып жарандарды кабыл ала турганын маалымдады.

“Мен президенттин өкүлү болуп жаңы дайындалганда 100дөн ашык жаран өз маселелери менен келип турушчу. Азыр онго жетпеген жарандар ортомчусуз, түзмө-түз көйгөйлөрү менен келишүүдө. Биз өз учурунда бардык маселелерди чечүүгө аракет кылуудабыз”,- деди ал.