Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Chatkal Resort тоо-лыжа курорту курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд Туризм департаменти жана тоо-лыжа туризми боюнча эксперттер менен биргеликте “Chatkal Resort” долбоору ишке ашырыла турган жерди аныктоо үчүн Чаткал районуна барышты.
Облус башчысынын орун басары жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү долбоорго ылайыкталып сунушталган жерлерди карап чыгууга катышты.
Анда курулуш баштала турган болжолдуу жер аныкталды.
“Chatkal Resort” долбоору Чаткал районунда туризмди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана туристтик агымдын көбөйүшүнө багытталган жыл бою иштей турган курортту түзүүнү камтыйт.
Долбоорду эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда, анын ичинде Өзбекстан менен кызматташуу аркылуу ишке ашыруу пландалууда.