2025-жылы Кыргызстан дипломатиялык байланыштардын аймагын олуттуу түрдө кеңейтип, 13 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди орнотту. Мунун натыйжасында Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамиле түзгөн мамлекеттердин жалпы саны 185 мамлекетке жетти. Узап бараткан жылда Кыргызстандын тышкы саясатында дипломатиялык мамилелерди чыңдоо жана эл аралык алакаларды түзүү боюнча кандай иштер жүрдү. "Кабар" маалымат агенттиги узап бараткан жылдагы өлкөнүн тышкы саясатындагы жасалган жемиштүү кадамдарга саресеп салат.

Кыргызстан 2025-жылга чейип 172 мамлекет менен дипломатиялык алакасын жүргүзүп келген болсо, быйыл бул сан дагы өстү. Бул өлкөнүн тышкы саясаттагы кызматташтыгын арттырууга жасаган кадамы экенинен кабар берет.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, дипломатиялык мамилелердин орнотулушу Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого, саясий диалогду кеңейтүүгө жана Африка өлкөлөрү жана башка аймактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту
2025-жылы 13 мамлекет менен жаңы алакалар орнотулду:
- Гвинея-Бисау,
- Ботсвана,
- Буркина-Фасо,
- Белиз,
- Сомали,
- Гондурас,
- Эсватини Падышалыгы (Свазиленд),
- Габон,
- Папуа Жаңы Гвинея,
- Багам Аралдары Шериктештиги,
- Түштүк Судан,
- Танзания,
- Сан-Томе жана Принсипи.

Кайсы гана өлкө болбосун Кыргызстан эл аралык мамилелерин дагы да бекемдеп, артыкчылыктуу багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү максатын көздөп келет. Жыл сайын ондогон мамлекеттер ортосунда делегациялардын сапарлары уюштурулуп, учур талабына жараша жаңы келишимдерди түзүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу колго алынат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл президент 24 жолу, министрлер кабинети 19 жолу сапарга чыккан.
Бул сапарларды өткөрүү Кыргызстандын тышкы саясий байланыштарын өнүктүрүүдө жана эл аралык өнөктөштүктүн географиясын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп калды.

2025-жылы президент Садыр Жапаров тарыхта биринчи жолу 3 өлкөгө расмий сапар жасады.
- 21-22-апрель – Бахрейн
Өлкө тарыхында биринчи жолу президенттин Бахрейн Падышалыгына расмий сапары болуп өттү. Сапардын жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.
- 24-25 июнь – Малайзия
30 жыл ичинде алгачкы жолу мамлекет башчысы Малайзияга расмий сапар жасады. Анда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, санариптештирүү, билим берүү жана адал-индустрия чөйрөсүндө кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
4-5-ноябрь – Египет
Кыргыз-Египет мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен президент Садыр Жапаровдун Египетке расмий сапары болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий диалогду бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык аренада өз ара аракеттенүү маселелери каралды.
2025-жылдын алкагында келишимдик-укуктук багытта жүргүзүлгөн иштердин натыйжада 633 эл аралык келишим жана документ иштелип чыгып, кол коюуга даярдалды:
- 163 — эки тараптуу;
- 470 — көп тараптуу келишимдер.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын тышкы саясаттагы активдүү ишмердүүлүгүн жана эл аралык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө умтулуусун чагылдырат десек болот.
Кыргызстан дипломатиялык алакаларды орноткон өлкөлөрдө өз элчилигин ачып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө басым жасап келет.

2025-жылы Кыргызстан Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада жайгашкан өзүнүн Африка континентиндеги алгачкы элчилигин ачты. Муну менен Кыргызстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүнүн саны (элчиликтерди, башкы консулдуктарды жана канцлерияларды кошкондо) дүйнө жүзү боюнча 50гө жетти.
Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2023-жылдан баштап чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менчик имараттарга ээ болуп, дипломатиялык кызматкерлерге кызматтык батирлер сатылып алынууда. Буга чейин чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү имараттарды жана кызматкерлер үчүн батирлерди ижарага алып, ал үчүн өлкө бюджетинен сезилерлик каражатар сарпталып келген. Биринчиден, мындай кадам өлкө бюджетине жүктү азайтуу жана чет өлкөдө эмгектенген дипломаттарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатат. Бул албетте, ошол элчиликтерде жана өкүлчүлүктөрдө эмгектенген дипломатиялык кызматкерлердин ишмердигин бир топ жогорулатат.

Быйыл Кореядагы элчилик өзүнүн имаратына көчтү. Ошондой эле Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгү үчүн Нью-Йорк шаарында Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн төрт батир жана Туруктуу өкүл үчүн резиденция сатылып алынды. АКШ жана Канададагы эмгектенген дипломаттар үчүн да төрт кызматтык батир менчикке алынды.
Учурда Кыргызстандын Швейцариядагы, Австриядагы элчиликтери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу алуу боюнча иш жүрүүдө.
Эске салсак, 2024-жылы Кыргызстандын Германиядагы, Новосибирск шаарындагы элчиликтеринде эмгектенген кызматкерлер үчүн батирлер менчикке сатылып алынган.

Маалыматтарга караганда, чет өлкөлөрдө элчиликтер жана кызматкерлер ижара акысы үчүн айына орточо 2500дөн 4500 долларга чейин коротуп келишкен, айрыкча алыскы мамлекеттерде. Европада кеңсени ижарага алуу 5000 евродон 6500 еврого чейин болот. Эми мамлекет бул имараттарды сатып алуу менен ижара үчүн акча коротпойт жана менчиктеги имараттарга коротулган каражат бир канча жылда эле өзүн актап коет.

Кыргызстандын демилгеси менен 2025-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун тарыхында биринчи жолу ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин алгачкы жолугушуусу өттү. Иш-чара Уюмдун институционалдык өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп, мүчө мамлекеттердин ортосунда саясий диалогду бекемдөөгө жана кызматташууну кеңейтүүгө натыйжалуу аянтча катары кызмат кылды.