Жамгыр менен башталган май: өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?

Коом Загрузка... 03 Май 2026 22:45
IMG_5755.png
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызгидромет кызматынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, өлкөдө 4-майдан 10-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Аба ырайынын бир жумалык болжолу төмөндөгүдөй:

Чүй жана Талас облустарында:

4-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

5-майда аймактардын көбүндө (айрыкча түнкүсүн) жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан айрым жерлерде гана болот.

6-майда түнкүсүн негизинен тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, кар күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт, өрөөн жана дыйканчылык аймактарда негизинен жаан-чачын болбойт.

7–8-майларда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында:

4-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

5-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

6–8-майларда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында:

4-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн. Күндүз эки облустун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

5-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаайт.

6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

7-майда түнкүсүн негизинен жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Тоолуу аймактарда кар жаайт.

8-майда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.