Жапайы жаныбарлардын арасында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Коом Загрузка... 15 Июль 2026 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жапайы жаныбарлардын арасында оорулардын жайылышын алдын алуу маселелерине арналган ведомстволор аралык кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга Айыл чарба министрлигинин Ветеринария кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин Өзгөчө кооптуу инфекцияларды алдын алуу борборунун жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү катышты.

Анда жапайы жаныбарлардын арасында оорулар же массалык кырылуу учурлары аныкталган учурда мамлекеттик органдардын биргелешип тез чара көрүү алгоритми талкууланды.

Ошондой эле аймактардагы эпизоотиялык абалга туруктуу мониторинг жүргүзүү, биргелешкен лабораториялык изилдөөлөрдү уюштуруу чечими кабыл алынып, өзгөчө кооптуу оорулардын алдын алуу жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн илимий коомчулук менен мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин бир нукка салуу маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйынтыгында катышуучулар маалымат алмашууну тездетүү, ооруларды эрте аныктоо системасын өркүндөтүү жана биргелешкен ветеринардык-санитардык иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча макулдашышты.