Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү эл аралык деңгээлде таанылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк 34 коргоо элементтеринен жана 7 катмардан турат.
"Эски айдоочулук күбөлүктө мындай коргоо элементтери болгон эмес. Бул документти жасалмалоого жол бербейт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү жасоодо эл аралык стандарттар сакталды", - деди ал.