Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Жакында Дүйнөлүк банк көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу үчүн Кыргызстанга грант түрүндө 50 млн АКШ долларын бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземинде билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, бул каражат айлана-чөйрөгө бөлүнүп жаткан зыяндуу газдарды азайтуу жана жашыл энергетикага өтүүнү камсыз кылуу максатында берилүүдө.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров жашыл энергетика тармагын өнүктүрүүнү мындан ары да улантуу зарыл экендигин айтты.