Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү жана жер казынасын өздөштүрүүдө мамлекеттик катышууну кеңейтүү боюнча аракеттер күчөтүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар подкастта" жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин геологиялык чалгындоо иштери жана кендерди изилдөө негизинен жеке компаниялар тарабынан жүргүзүлүп, мамлекет жаратылыш ресурстарын системалуу түрдө изилдөөдө жана өздөштүрүүдө негизги ролду ойногон эмес.
Министр бүгүнкү күндө тоо-кен тармагы өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнүн дээрлик 40 пайызын камсыздап жатканын жана экономика үчүн эң негизги тармактардын бири экенин белгиледи. Ошол эле учурда кендердин басымдуу бөлүгү Совет доорунда ачылган, ал эми акыркы он жылдыктарда мамлекет тарабынан чалгындалып, ишке киргизилген жаңы объекттер аз болгон.
"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен геологиялык чалгындоо иштерине мамлекеттин катышуусу күчөтүлүүдө", - деп баса белгиледи Акыл Токтобаев.
Ал жаңы кендерди издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана табылган кендин корун мамлекеттик баланска коюу максатында "Кыргызгео" мамлекеттик ишканасы түзүлгөнүн маалымдады. Азыркы учурда тиешелүү долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал эми жакынкы аралыкта мамлекеттин күчү менен жаңы кендерди чалгындоо иштерин жандандыруу пландалууда.
Министрдин пикиринде, бул өлкөнүн ресурсдук базасын кеңейтүүгө гана эмес, тоо-кен тармагынын өнүгүшүнө кошумча түрткү берет.
Ведомство башчысы кадр маселесине да өзгөчө токтолуп, кесипкөй геологдордун көбү улуу муундагы адистер экенин, ал эми жаштар көбүнчө жеке компанияларга кетип же чет өлкөлөрдө иштеп жатышканын белгиледи. Буга байланыштуу, анын айтымында, негизги милдеттердин бири - жаш адистерди мамлекеттик геологиялык түзүмдөргө жана ишканаларга тартуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп салат.
Мындан тышкары, министр "Кыргызгео" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүгө 1 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөнүн билдирди. Бул каражатка заманбап техникалар, анын ичинде бургулоочу курулмалар жана геологиялык чалгындоо үчүн башка керектүү жабдуулар сатылып алынган.
Анын айтымында, бул мүмкүнчүлүктөр мамлекетке жер казынасын өз алдынча изилдөөгө жана чалгындоого жол ачып, стратегиялык мааниге ээ болгон бул тармакта мамлекеттин ролун бекемдейт.