Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Дене тарбия жана спорт агенттиги 2026-жылга карата инфраструктуралык долбоорлорго басым жасайт. Бул тууралуу агенттиктин директору Казыбек Молдажиев билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу спорттук борбор, Каракол шаарында 200 орундуу мейманкана, олимпиадалык стандарттарга жооп берген бассейн, Бокс академиясы, Лыжа академиясы, спорттук интернат жана 5 миң орундуу спорт комплексинин курулуш долбоорлору бар. Алар өлкөдөгү спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана машыгуу базасын бекемдөөгө багытталган.
“Бүгүнкү күндө Спорт агенттигине караштуу Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин балансында Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан “Лагуна Сити” пансионаты жана ага тиешелүү жер тилкелери бар. Бул аймакта заманбап окуу-машыгуу борборун түзүү жана инфраструктураны чыңдоо максатында 260 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүү сунушталды.
Мындан тышкары, олимпиадалык эмес улуттук жана жаңы спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн райондордо улуттук спорт борборлорун ачуу пландалууда. Ошондой эле өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан олимпиадалык спорт түрлөрү үчүн машыгуу базаларын куруу, ал эми аз өнүккөн багыттар - киберспорт, триатлон жана адаптивдик спорт боюнча секцияларды ачууга даяр билим берүү мекемелеринин тизмеси түзүлдү”,-деди ал.
Директор ошондой эле спортчулардын “Мүрөк” медициналык борбору да быйыл бүткөрүлүп, ишке бериле тургандыгын кошумчалады.
Ал белгилегендей, Бишкек шаарында курулуп жаткан спортчулар үчүн “Мүрөк” медициналык борборун 2026-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.