Жеңилдетилген насыя жана акысыз жер: Бизнес үчүн аймактардагы жаңы мүмкүнчүлүктөр

Экономика Загрузка... 14 Апрель 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-04-14 at 17.20.26.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Ош облусуна болгон сапарында президент Садыр Жапаров аймак элинин өзүн-өзү каржылоосуна шарт түзүү маселесине көңүл бурууда. Өлкө башчысы айыл чарба бизнеси үчүн жеңилдетилген насыялык каражаттарды көбөйтүү, пайыздык ченди 3%га төмөндөтүү, мектеп жана бала бакча сыяктуу социалдык багыттагы бизнеске жерди бекер берүүнү тапшырды. Президенттин сөзүнөн кийин жер-жерлерде ишкердикти колдоого шарт түзүү аракети күч экенин баамдоого болот.

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусунда эл менен жолугушуусу бизнестин, өзгөчө аймактардагы ишкердиктин каржылык ресурстарга, жеңилдетилген насыяларга жеткиликтүүлүгү маанилүү экенин көрсөттү. Мамлекет башчысы айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыяга суроо-талаптын көптүгүн эске алуу менен “Айыл чарбасын каржылоо - 14” долбоорунун насыялык каражатын көбөйтүү тескемеси чыкканын билдирди. Ошондой эле айыл чарба кредиттерин 3%дык чен менен камсыздоону тапшырды. Ал эми мектеп, бала бакча курууга даяр инвесторлорго жана жарандарга жерлер бекер берилмей болду.

Мындан сырткары, өлкө башчы өкмөттүн “Социалдык контракт” программасы туурасында сөз кылып, Ош облусу боюнча 4000ге чукул үй-бүлө каржылык колдоо алганын кошумчалады. Айтмакчы, дал ушул долбоор мурда жалданып иштеген миңдеген үй-бүлөлөрдү майда ишкерлер категориясына чыгарды. Мында аз камсыз үй-бүлөлөр кичи бизнес ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам ала алышат.

671671077_1525855686215727_10333550048061264_n.jpg

Президент Садыр Жапаров Ош эли менен баарлашуу учурунда жалпы Кыргызстан боюнча жүрүп жаткан масштабдуу иштер жөнүндө да сөз кылды:

“Экономикалык өсүш индустриялаштыруу саясаты менен коштолуп, 2024-жылдан тарта жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын ачууну салтка айлантып келебиз. Анын негизинде Ош облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылды. Жалпысынан алганда 1700дөй жумуш орундары түзүлдү. Алардын катарында көмүр кендери, кирпич заводдору, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар бар. Ушул жерден дароо эле айта кетейин, быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат”, — деп билдирди.

Өлкө башчысы ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү, инвестиция тартуу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Иш жүзүндө Кыргызстанда ишкердикти колдоо мамлекеттик программалар, жеңилдетилген каржылоолор жана эл аралык, ошондой эле өкмөттүк акселераторлор аркылуу жүргүзүлүп келет.

Бизнеске колдоо көрсөткөн тараптар

Алсак, бизнестеги гранттык демилгелерден тартып мамлекеттик саясатка чейинки бардык иштер 2030-жылга чейинки Улуттук программага бириктирилген. 2026-жылдын башында Садыр Жапаров “Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча институттардын консорциумун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ал бизнес менен иш алып барган мамлекеттик органдарды, фонддорду, банктарды, өнүктүрүү институттарын, бизнес-ассоциацияларды жана эл аралык өнөктөштөрдү бириктирип турат. Муну менен мамлекеттик органдар жана өнүктүрүү фонддору арасындагы бири-бирин кайталамай функциялар жоюлду. Мындан сырткары, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо боюнча бир катар принциптер киргизилди.

Ал эми бизнести каржылоо багытында Ишкердикти өнүктүрүү фонду аркылуу чакан жана орто субъекттер үчүн жылына 6% менен жеңилдетилген насыя берилип жатат. Мында 2026-жылга бизнести колдоого 1,5 млрд сом бөлүнгөн.

Ошондой эле Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы ак ниет иштеген ишкерлердин реестрин түзүп, эл аралык рынокторго чыгууга жардам берүүгө милдеттендирилген. Мындан сырткары, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду экономиканын өнөр жай, агроөнөр жай сыяктуу артыкчылыктуу тармактарында иш алып барган ишкерлерди колдоп келет. Ошол эле убакта жергиликтүү инфраструктураны жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн айыл аймактарында чакан жана орто бизнести колдоо максатында Кыргызстандын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) гранттары берилип келет.

Каражат менен камсыздоочу уюмдардан сырткары, Кыргызстанда атайын платформалар бар. Алсак, ишкерликти колдоо борборлору консультациялык кызматтарды көрсөтүп, укуктук, бухгалтердик маселелерде жана демилгелерди илгерилетүүгө жардамдашат. Ал эми эл аралык жана өкмөттүк бизнес-акселераторлор техникалык колдоо, насаатчылык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен алектенип келишет. Мындан сырткары, акыркы жылдары бизнеске технопарктар жана ИТ-хабдар салым кошо баштады. Мисалы, Бишкектеги Жогорку технологиялар паркында технологиялык бизнес үчүн атайын шарттар түзүлүп, салыктык жеңилдиктер каралган.

Жеңилдиктердин натыйжасын талдоого алуунун зарылчылыгы

Салык демекчи, президент Садыр Жапаров жыл башында чакан жана орто бизнеске жеңилдик берүү, салык өндүрүү процедураларын түшүнүктүү жана жөнөкөй кылуу тапшырмасын бергени маалым. Ошондой эле коррупциядан жана бюрократиядан арылткан электрондук патент боюнча жаңы эрежелер иштелип чыгууда. Мындан сырткары, өкмөт экологиялык жактан таза өнөр жай жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн салыктык жеңилдиктерди жана мамлекеттик колдоолорду киргизүүдө.

WhatsApp Image 2026-04-14 at 17.22.46

Салык боюнча эксперт Саида Нариман ишкерлерге жеңилдик берүү менен бирге, анын натыйжасын талдоо зарылдыгын да белгилейт.

“Учурда өзгөчө айыл чарба тармагындагы бизнеске жакшы көңүл бурулуп жатат деп айтсак болот. Салык жагынан дагы жакшы шарттар түзүлүп, салык иштери жеңилдеп, акырындап жөнгө салынууда. Бул өзгөчө чакан жана орто бизнес үчүн маанилүү. Эң алды айыл чарбасында иштеген адамдарга түшүнүктүү, жөнөкөй жана туруктуу шарт керек. Мен азыркы өзгөрүүлөрдүн баары дыйкандарды, фермерлерди, айыл чарбасы менен иштеген ишкерлерди колдоого багытталган деп эсептейм. Бул абдан туура багыт. Себеби айыл чарбасы өнүксө, Кыргызстандын аймактары өнүгөт. Жер-жерлердеги эл туруктуу жумуш менен камсыз болот. Өлкөнүн ички өндүрүшү көбөйөт. Натыйжада жалпы элдин жашоосу да оңолот.
Бирок ошол эле учурда бир жагдайды унутпашыбыз керек. Жөн эле жеңилдик берип коюу жетишсиз. Ошол жеңилдик кимге берилип жатат, кандай пайда түшөт, натыйжасы кандай болууда? Ушуну да сөзсүз карап турушубуз керек. Анткени салыктык болобу, насыялык болобу, ар кыл жеңилдиктер чыныгы иштеген адамдарга жетсе гана пайда алып келет. Албетте, колдоо да болушу керек. Ошол эле учурда туура көзөмөлдүн болуусу да зарыл. Ошондо гана бул чаралар тармактын өнүгүүсүнө чындап жардам берет деген ойдомун”, — деп билдирди салык боюнча эксперт Саида Нариман.