Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 50%га өсүп, экспорт боюнча алдыңкы орунга чыкты

Санарип Кыргызстан Загрузка... 13 Февраль 2026 10:50
2025-04-10-19.10.52.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 17 млрд 100 млн сом кирешеге чыкты. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын директору Азис Абакиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы 11,4 млрд сом болуп, салыштырганда өткөн жылы 50 пайызга өсүш байкалган.

“Мында мамлекетке төлөмдөр, биздин резиденттер өсүүдө. Жеке киреше салыгы 282 млн сом, социалдык төлөмдөр 140 млн сом болуп калды. Жалпысынан 12 жылдын ичинде биздин кирешебиз 46 млрд сомго жетти. 12 жылдын ичинде биздин резиденттер жарым млрд доллар өлчөмүндө экономикабызга салым кошту.
Эми 17,1 млрд сом кирешени тарыхый көрсөткүч деп айтсак болот. Жалпысынан экспорттун көлөмү айыл чарба, тигүү индустриясынан кийин IT тармагы келип, 5-6 орунду ээлеп баштады. Эми муну биздин экономикабызга чоң салым деп айтса болот”,- деди Абакиров.

Ал ошондой эле Жогорку технологиялар паркында болгону 450дөн ашык ишканалар же резидент компаниялар бар экендигин жана анын ичинде 3 миң киши иштей тургандыгын маалымдады.