Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Бишкекте Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жол кесилиши 17-июндан 18-июнга чейин жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылууда.
Мэрия шаардыктарды жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жүрүү багытын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.