Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыгар замат, Кочкор району гана эмес, бүтүндөй Нарын облусу дүңгүрөп, Абылаевдердин үйүнө чоң кубаныч орун алды. Кочкор районунун Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева республика боюнча эң көп, тактап айтканда 239 балл топтоп, "алтын сертификатка" ээ болду. Элет кызын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева өзү куттуктап чалды. "Кабар" агенттигинин өздүк кабарчысы Кочкор районуна барып, "алтын сертификаттын" ээси менен баарлашып келди.
Айдай Абылаева, алтын сертификаттын ээси:
"Жыл башында өзүмө алтын сертификат алам деп максат койгом. Өткөн жайдан бери даярдандым. Министр өзү чалганда аябай толкундандым. Бул жыйынтыкка жетүүгө олимпиадаларга катышып жүргөнүм, көп эмгек кылганым жардам берди. Буюрса келечекте дипломат болгум келет".
Айдайдын жеңишинин артында көп жылдык эмгек жатат. Ал мектепте окуп жүргөндө эле облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келген. Бирок ийгиликке жетүүдө үй-бүлөнүн колдоосу дагы чоң роль ойногон.

Надира Шаршенбаева, апасы:
"Ар бир баланын ийгилигинин артында эмгек жана колдоо турат. Биз кыздарыбыздын билим алуусуна дайыма шарт түзүүгө аракет кылдык. Бүгүнкү жыйынтыкка абдан кубанып турабыз".
Айдайдын апасы Надира Шаршенбаева — тарых мугалими. Үйдө төрт баланы тарбиялап, мектепте жүздөгөн балага сабак берет. Кызыгы, былтыр "Жыл мугалими" сынагында жеңишке жеткенде ал мындай тилек кылган экен.
"Былтыр "Диндердин өнүгүү тарыхы" боюнча "Жыл мугалими" болгом. Ошол күнү филармонияда отуруп, "кызым бир күнү ушундай чоң сыйлыкка ээ болсо экен" деп тилек кылгам. Буюрса, бүгүн ошол тилегимдин ишке ашып жатканын көрүп турам", - дейт апасы.
Айдай үйдүн төртүнчү небереси. Анын ийгилигине сүйүнгөн чоң атасы ак батасын берди.

Абылай Молдошев, чоң атасы:
"Кызым, алган билимиң элиңе кызмат кылсын. Жолуң ачык болсун. Ата-энеңдин эмгегин актап, кыргыз элине керектүү адам бол. Оомийин".

Айдайдын жетишкендиги классташтарын, мектеп жамаатын дагы кубантты.
Салтанат Исмаилова, класс жетекчиси:
"Мугалим үчүн эң чоң бакыт — бул окуучусунун ийгилиги. Айдай менин жакшы көргөн окуучум. Анткени Айдай экөөбүз кичинекей кезинен жетелешип, чогуу олимпиадаларга барып жүрдүк".
Аталган билим уясы быйыл муну менен эле чектелген жок. Дагы эки бүтүрүүчү 230дан жогору балл алышкан.
Дамира Асанова, Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору:
"Орозобекова Алиман жана Шайырбекова Рабия деген кыздарыбыз 227, 230 балл алып, бизди кубандырып турушат. "Алтын сертификатка" кичине жетпей калыптыр. Ошентсе да биз алар менен сыймыктанабыз. Бардык бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалайбыз".
Айдай Абылаеванын "алтын сертификаты" Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептин тарыхындагы үчүнчү, ал киши Кочкор району боюнча төртүнчү алтын сертификат болуп калды.