Былтыркыдан үч эсе көп: Өлкөдө жыл башынан бери 110 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Коом Загрузка... 04 Май 2026 13:57
IMG_0425.png
copyright icon WWW

Бишкек, 04.05.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймактары боюнча жалпы 110,2 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, былтыр ушул мезгилге карата 40 чакырым жол асфальтталган.

“Битум менен 15 миң тонна камсыздалды. Сатып алынган битумдар асфальт-бетон заводдоруна чейин жеткирилүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпысынан Титулдук тизмеге кирген региондордогу бардык унаа жолдорунда иштер планга ылайык аткарылууда.