Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Жыл башынан бери 300 миң жаңы айдоочулук күбөлүк басылып чыкты. Бул тууралуу "Учкун" ААКтын башкы директору Бакытбек Султанов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда дагы 300 миң күбөлүк даярдалууда.
"Бүгүнкү күндө айына 200 миң айдоочулук күбөлүк чыгарылууда. Алар акыркы үлгүдөгү жабдууларда жасалып жатат. Документти даярдоо үчүн материалга 3 евро (болжол менен 300 сом) коротулат. Даярдалгандан кийинки баасы 500 сомду түзөт", — деп белгиледи ал.