Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. “Жыргалаң” минералдык суусун бөтөлкөгө куюп, сатыкка чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине "Жыргалаң" санаторийинен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда дарылык касиети бар минералдык сууну чыгаруу үчүн лицензия алынды.
Эми минералдык суу катары “Жыргалаң” суусун чыгаруу үчүн завод салып, өндүрүштү баштоо пландары турат.
Азыр суу санаторийдин аймагынан чыгат. Учурда аны эс алуучулар күн сайын эртең менен ачкарын ичишет. Минералдык суу ашказан ооруларына, ички органдарды дарылоого жардам берет.