Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Жыргалаңда айланма жолдун курулушу соңуна чыгып калды Жыргалаңда айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААК билдирди.
Компаниянын маалыматына ылайык, подрядчы уюм негизги курулуш иштерин аяктап жатат. Подрядчынын маалыматы боюнча, жолдун курулушу ушул жуманын аягына чейин толук бүтүп, жаңы жол 20-июлда пайдаланууга берилери күтүлүүдө.
"Жаңы жол келечектеги курорттун объектилерине курулуш техникаларынын жана транспорттун ыңгайлуу каттоосун камсыздайт", — деп айтылат маалыматта.