1-апрелден тарта унааларды онлайн каттоо башталат

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 12:02
539810171_3534472540029253_5568290027388712321_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта унааларды "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн каттоо башталат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы борборуна барган учурда билдирди.

Анын айтымында, мындан ары унааларды каттоо үчүн мекемеге баруунун кажети жок болот. Мындай ыкма жарандарды узун кезек күттүрбөй, аралыктан эле оңой каттоодон өткөрүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, документтерди жана мамлекеттик номерди үйгө жеткирүү кызматы да ишке кирет.

"1-апрелден тарта "Унаа" мекемесине номер менен техникалык паспортту алуу үчүн гана келесиздер. Учурда бирдиктүү терезе иштеп жатат", — деп кайрылды ал мекемеге келген жарандарга.

Туманбаев ошондой эле мекеменин жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, каржылоо маселесин толук чечүүнү тапшырды. Ал имарат быйыл пайдаланууга берилерин белгиледи.