Илбирс, сүлөөсүн, тоо теке, улар: Таласта фотокапканга түшкөн жаныбарлар

Коом Загрузка... 17 Июнь 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon NABU Кыргызстан

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Талас районундагы Чоң-Кошой өрөөнүнө, ошондой эле "Беш-Таш" жана "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш парктарына коюлган фототузактарга сейрек кездешүүчү жаныбарлар катталды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан жаратылышты коргоо уюму билдирди.

Аталган аймактарга өткөн жылдын сентябрь айында орнотулган аппараттарды адистер үстүбүздөгү жылдын 8-16-июнь күндөрү барып чечип келишкен.

Фототузактарга ак илбирс, сүлөөсүн, эчки-теке, куран-элик, каман жана улар сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулар түшүп калган.

"Учурда алынган фотомаалыматтар анализденип, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы, саны жана жүрүү багыттары такталууда. Бул маалыматтар жаратылышты коргоо жана илимий изилдөө иштеринде колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: NABU Кыргызстан уюму өлкөнүн тоолуу аймактарына үзгүлтүксүз фототузактарды орнотуп, мониторинг жүргүзүп келет. Буга чейин мындай аппараттар аркылуу Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында да илбирс, бугу-марал жана улар сыяктуу ондогон жаныбарлардын уникалдуу кадрлары алынган.