Кыргызстан менен Венесуэла аквакультура тармагында кызматташууну кеңейтет

Коом Загрузка... 17 Июнь 2026 16:05
7981.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Венесуэланын Кыргызстандагы элчиси Росальба Ло Буэ менен онлайн жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Венесуэланын Балык чарбасы жана аквакультура боюнча элдик бийлик министрлигинин өкүлдөрү дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар балык чарбасы жана аквакультура тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Техникалык тажрыйба алмашууга, балык чарбасы жана аквакультура продукцияларынын соодасын өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Венесуэла тарап балык уулоо жана аквакультура тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде тармакты жөнгө салуунун техникалык, ветеринардык-санитардык жана укуктук аспектилери боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнү ырастап, Кыргызстан менен Венесуэланын ортосунда балык чарбасы жана аквакультура боюнча эки тараптуу документти даярдоону макулдашышты.