1-сентябрдан тарта эмгек акы жогорулайт: Кимдердин айлыгы көбөйөт?

Экономика Загрузка... 27 Июнь 2026 12:33
WhatsApp Image 2026-06-27 at 12.15.47.jpeg
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү реформасын улантуу алкагында мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул чаралар президенттин тиешелүү жарлыктарына ылайык ишке ашырылууда.

Эмгек акы төлөө системасын мындан ары өркүндөтүү, кызматкерлердин социалдык корголушун күчөтүү жана мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын бекемдөө максатында төмөнкү чаралар каралган:

  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын, ошондой эле жалданма жана жарандык персоналдын эмгек акысы 50%га чейин жогорулатылат;
  • иштин татаалдыгы, сапаты, жыйынтыгы, кесиптик демилге жана ченемге салынбаган иш режими үчүн үстөк акы 50%га чейин көбөйтүлөт;
  • айрым ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленет.
"Бул чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча каржылоо талап кылынат. 2026-жылы бул максатка 2 млрд 860,4 млн сом каралган, ал эми 2027-жылдан тартып жыл сайын 8 млрд 203,5 млн сом бөлүнөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер мамлекеттик кызматкерлердин социалдык камсыздоосун жакшыртууга, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга жана мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.