Кыргызстан менен АКШ финансылык туруктуулукту чыңдоо маселесин талкуулады

Экономика Загрузка... 27 Июнь 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Финансы министри Руслан Суйналиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн финансылык-экономикалык кызматташтыгын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Евразиялык топтун өз ара баалоосунун үчүнчү раундуна даярдык көрүү жана Эл аралык валюта фонду менен иштешүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар өлкөнүн финансылык туруктуулугун чыңдоо жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу максатында мамлекеттик баалуу кагаздардын ички рыногун өнүктүрүү багытын карашты.

Жыйынтыгында тараптар финансы-экономика чөйрөсүндөгү биргелешкен демилгелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.