Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-19-май күндөрү кыргызстандык делегация Түштүк Кореяда өткөн санариптик окутууну жакшыртуу боюнча Кореялык кызматташтык программасына (KLIC) катышып келди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Делегациянын курамында министрликтин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов, жетектөөчү адис Мирбек Рахматильдеев жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан тандалып алынган 20 информатика мугалими болду.
Квалификацияны жогорулатуу курсунун алкагында катышуучулар физикалык эсептөө технологиялары, сенсордук системалар, робототехника, санариптик платформалар аркылуу сабак уюштуруу жана санариптик баалоо боюнча практикалык билим алышты. Ошондой эле Кореянын мектептериндеги инновациялык STEM-лабораториялардын иши менен жакындан таанышышты.