Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Ага Хан фондунун ортосунда педагогикалык билим берүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Ведомстводон билдиришкендей, бул өнөктөштүк педагогикалык билим берүүнүн заманбап ыкмаларын, инновациялык тажрыйбаларды киргизүүгө жана келечектеги мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган.
Меморандум тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында натыйжалуу иштөөгө даяр, чыгармачыл жана жоопкерчиликтүү жаңы муундагы педагогдорду даярдоого өбөлгө түзөт.
Ушундай эле келишимдер фонд менен И. Арабаев атындагы КМУ, Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун ортосунда да түзүлдү.
Иш-чарага министр Гүлзат Исаматова, АКDN уюмунун Кыргызстандагы өкүлү доктор Баркат Фазал, Ага Хан фондунун директору Давлатсултон Доргабекова жана ректорлор катышты.