“Эл үмүтү” стипендиясынын катышуучулары мамлекетке 5 жыл иштеп бериши керек – Исаматова

Билим Загрузка... 03 Июль 2026 17:45
729838338_3887505294725974_2988391814915307874_n (1).jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26 /Кабар/. "Эл үмүтү" стипендиясынын катышуучулары мамлекетке 5 жыл иштеп бериши керек. Бул тууралуу "Кабар подкаст" программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

Анын айтымында, "Эл үмүтү" стипендиясы өлкө башчысынын абдан маанилүү демилгелеринин бири болуп саналат.

"2022-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 52 стипендиант чет өлкөлөрдө билим алды. Былтыр алгачкылардан болуп 22 студент окуусун аяктады. Болжол менен алардын 30-40 пайызы кайтып келди. Бул жерде иштеп жатышат. Башкалары биздин жарандык менен жүргөндүктөн, кайсы гана тармакта ийгилик жаратпасын, баары бир биздин өлкөнүн атын чыгарышат деп эсептейм", — дейт ал.

Быйыл бул стипендияга байланыштуу укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. Анда программанын бүтүрүүчүлөрү кеминде беш жыл мамлекетке иштеп бериши керек деп белгиленди. Алар мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун кадрдык резервине орто жана жогорку кызматтык орундарга сынаксыз киргизилет.

Министр ошол эле маалда стипендианттардын эл аралык уюмдарда иштесек өлкөнү көбүрөк таанытабыз, салым кошобуз деген өтүнүчтөрү болгонун белгилейт.

"Бирок биз ага карабай ушул талапты киргиздик. Жылына 50 стипендия бөлүнөт. Аны дүйнөлүк жогорку рейтингге ээ ЖОЖдорго тапшырган студенттер гана ала алышат. Быйыл да жүздөн ашуун жаран ага тапшырды. Эки турдан турат. Ага "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрү да киргизилди", — деди ал.