Министр эмне үчүн колледждерге ЖРТ киргизилгенин түшүндүрүп берди

Билим Загрузка... 03 Июль 2026 18:10
725013.fec74f93193d161223f48e34bda07304.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. ЖРТ орто кесиптик окуу жайларга да киргизилди. Бул тууралуу "Кабар подкаст" программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

Министрдин айтымында, быйыл 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) орто кесиптик окуу жайларга тапшырууда да киргизилди.

Анын белгилешинче, мындай чечим жогорку окуу жайларга өтө албай калган бүтүрүүчүлөрдүн колледждерге агылышы менен байланыштуу.

"Абдан жакшы даярданып, бирок жогору балл ала албай калган учурлар бар. Ал эми жетиштүү даярдыксыз эле жогорку балл алган абитуриенттер да кездешет. Ар бир баланын артында өзүнчө тагдыр тургандыктан бул жагдай мени көп ойлонтот", - деди министр.

Ал ошондой эле учурда бул системаны жакшыртуу боюнча бир катар механизмдер иштелип жатканын, бул үчүн билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин кошумчалады.

Министрдин айтымында, ЖРТ талап кылынбаган чет өлкөлүк окуу жайлар да бар.