Жогорку билим берүүдөгү коррупция кантип жоюлат? Министрдин жообу

Билим Загрузка... 03 Июль 2026 17:28
680237896_3813710525438785_1089183160658396426_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Санариптештирүү билим берүү системасындагы ачык-айкындуулукту күчөтөт. Бул тууралуу “Кабар подкаст” программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

Анын айтымында, окутуучу болууну тандаган адистер негизинен акча табууга эмес, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана күчтүү, жаратман муунду тарбиялоого басым жасашат. Ал эми киреше табууну максат кылгандар көбүнчө жеке секторго же бизнес тармагына өтүшү керек.

Снимок экрана 2026-07-03 125311.png
“Министрлик бул багытта окутуучулар менен профилактикалык семинарларды, жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет. Бирок бардык процесстерди толук көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Ошол эле учурда санариптештирүү билим берүү системасындагы ачык-айкындуулукту камсыздоонун негизги куралы болууда. Бардык сынактар жана талаптар электрондук форматка өтүп жаткандыктан, терс көрүнүштөр акырындык менен жоюлат деп ишенем”, – деди ал.

Ал өзү чет өлкөдө жүрүп, диплом алган учурлар да болгонун белгиледи.

“Айрым жеке менчик жогорку окуу жайларында соттук иштер да жүрүп жатат. Айрыкча пандемия учурунда мындай маселелер көбөйгөндүктөн, азыр сырттан окуу формасы жоюлуп, анын ордуна дистанттык билим берүү системасы киргизилген. Бул форматта студенттер окуу процессине онлайн байланыш аркылуу катышып, лекцияларды, экзамендерди, модулдарды жана практикалык сабактарды видеобайланыш аркылуу өтүшөт”, – деп кошумчалады министр.