Кесип тандоону качан баштоо керек? Министрдин жообу

Билим Загрузка... 03 Июль 2026 18:35
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.45 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Балага 7-класстан тарта кесип тандоодо багыт берүү зарыл. Бул тууралуу "Кабар подкаст" программасында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди.

Анын айтымында, балдардын жөндөмүнө жараша кесиптик багытты эрте курактан баштоо маанилүү. Ар бир окуучунун жөндөмү ар башка болуп, бири математикага, экинчиси тил үйрөнүүгө көбүрөк шыктуу болушу мүмкүн.

"7-класстан баштап, 9-класстан кийин ошого жараша өнүктүрүү туура болот. Эгер бала чет өлкөдө окууну пландаса, чет тилдерге басым жасашы керек. Ал эми медицина тармагын тандагандар биология жана химия сабактарын тереңдетип окушу зарыл. Жалпы билим берүүдөн тартып кесиптик багыт берүүгө өтүү окуучунун келечек кесибин туура тандоосуна шарт түзөт. Ошондуктан, кесип тандоо процессин мүмкүн болушунча эрте баштоо жакшы", – деп белгиледи министр.