Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда өзгөчө макамга ээ болгон беш мамлекеттик жогорку окуу жайдын илимий-изилдөө инфраструктурасын өнүктүрүүгө 19,5 млн доллардан ашык каражат багытталат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Илим министрлиги, Финансы министрлиги жана беш ЖОЖдун ортосунда "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" (КИВО) долбоорунун алкагында үч тараптуу субкредиттик келишимдерге кол коюлду. Бюджеттик кредит түрүндөгү бул инвестиция Дүйнөлүк банктын колдоосу менен берилүүдө.
Бөлүнгөн каражат заманбап жабдууларды сатып алууга, лабораториялык жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле ЖОЖдордун алдында Изилдөөлөр жана инновациялар борборлорун (ИИБ) түзүүгө жумшалат.
Каражаттар университеттер арасында төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- КММА (Медициналык академия) – 4 млн 325 миң доллар (биомедициналык изилдөөлөр жана лабораториялык диагностика);
- КУАУ (Агрардык университет) – 4 млн 200 миң доллар (азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук);
- ОшМУ – 4 млн доллар (онкологиялык оорулардын алдын алуу жана диагностика);
- КМТУ (Политехникалык университет) – 3 млн 826,9 миң доллар (жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана IT);
- КУУ (Улуттук университет) – 3 млн 200 миң доллар (суу, химиялык жана экологиялык коопсуздук).

Илим министри Гүлзат Исаматова белгилегендей, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу университеттердин илимий инфраструктурасына мындай ири көлөмдөгү түз инвестиция салынууда. Министр каражаттарды максаттуу жана ачык-айкын пайдалануу зарылдыгын кошумчалады.