Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. 30-июнда Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу өчөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу болбойт:
- Ибраимов көчөсү – Чүй проспекти – Т. Айтматов көчөсү – Жибек жолу проспекти – Осмонкул көчөсү – Фрунзе көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Фрунзе көчөсү.
”Бул чаралар оңдоо иштерине байланыштуу”,— деп айтылат маалыматта.