Адылбек Касымалиев Кегетиде сууга аккан баланын жакындарына көңүл айтты

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 19:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Адылбек Касымалиев Кегети капчыгайында сууга агып каза тапкан баланын жакындарына көңүл айтты.

“Кегети капчыгайында сууга агып кеткен алты жаштагы баланын сөөгү табылды. Ал эми Талас районундагы 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери азыркы учурда дагы уланууда. Периште болуп учуп кеткен баланын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Тилекке каршы, акыркы күндөрү өлкөбүздө ушундай кайгылуу кырсыктар катталды. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрине издөө-куткаруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырып, улам маалымат алып турдум.

Кегети капчыгайындагы издөө иштерине 1000ден ашуун адам тартылды. Алардын катарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, ыктыярчылар, ошондой эле жакынкы конуштардын тургундары болду. Кесипкөй куткаруучулар жана тажрыйбалуу адистер суу үстүндө да, жээк тилкесинде да үзгүлтүксүз жана системалуу издөө иштерин жүргүзүштү.

Бул оор күндөрдө Кыргызстандын эли дагы бир жолу өзүнүн боорукердигин, ынтымагын жана кайдыгер эместигин көрсөттү. Кырсыкка кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн биригип, издөө иштерине активдүү катышкан бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле бардык ата-энелерге кайрылып кетким келет.

Урматтуу ата-энелер! Дарыялардын, көлдөрдүн жана башка суу объектилеринин жанында өтө этият болуп, жаш балдарыңызды бир мүнөткө да кароосуз калтырбагыла. Сууда коопсуздук эрежелерин так сактап, өзгөчө жайкы каникул учурунда балдарыңыздарга өзгөчө көңүл буруңуздар.

Барыбыз биргелешип аракет кылганда гана мындай кайгылуу окуялардын алдын алып, адам өмүрүн сактап кала алабыз”,-деп белгиледи минкаб башчысы.