Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Орозбеков айыл аймактарында сел жүрүүчү сайлардын нугун тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бостон айылындагы сел өтүүчү сайдын 700 метр, ал эми Миң-Чынар айылындагы сайдын 1000 метр аралыгын тазалоо иштери аткарылууда.
Бул аракеттердин натыйжасында:
- 67 турак үй жана 12 гектар огород тилкеси;
- 2900 метр ички чарбалык жол;
- 4150 метр ички арыктар жана мектеп имараты сел коркунучунан корголот.