Нарында Куланак каналы курулууда: 7 миң гектар жер суу менен камсыздалат

Аймак Загрузка... 17 Июнь 2026 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Нарын облусунда Куланак каналынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каналдын жаңы тилкесин куруу долбоору ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Учурда узундугу 4,9 чакырым болгон канал курулууда. Долбоор аяктагандан кийин анын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 7,5 куб метрге чейин жетип, 5081 гектар айыл чарба жерин суу менен камсыздоо жакшырат.

Ошондой эле долбоордун экинчи этабында 34 чакырым каналды реабилитациялоо жана кошумча 10 чакырым жаңы канал куруу каралган. Натыйжада дагы 2120 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, сугат жерлеринин жалпы аянты 7221 гектарга жетет.

Министр Эрлист Акунбеков долбоордун жүрүшү менен таанышуу учурунда иштерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо аймактын агрардык секторун өнүктүрүүгө жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөрүн айтты.