Үч-Коргон ооруканасында дары-дармекти сактоо шарты жакшырды

Аймак Загрузка... 17 Июнь 2026 16:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо шарттары жакшыртылууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин жетекчиси Орозбек Муратовдун демилгеси менен медикаменттерди сактоонун заманбап талаптарына жооп берген жаңы дары-дармек кампасы курулду.

Жаңы кампа дары-дармек каражаттарын тийиштүү шарттарда сактоого, температуралык режимди так сактоого, медикаменттердин эсебин жана логистикасын жакшыртууга, ошондой эле медициналык уюмдун иш натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.