Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында болуп, телеспектаклдин тартылуу процесси менен таанышты.
Министрдин айтымында, буга чейин “Акыркы кат” жана “Күн кармаган бала” телеспектаклдери тартылган.
“Учурда Жаштар театрында дагы жаңы телеспектакль тартылып жатат. Мунун максаты көрүүчүлөргө бул өнөрдү аралыктан тартуулоо болуп саналат”,-деди ал.
Андан сырткары министр жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө театрдын капиталдык оңдоодон өткөн имаратын көрсөттү.
Ал белгилегендей, театрдын имаратынын абалы буга чейин бир топ начар болгон. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө зал заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, трансформациялануучу сахна жана жаңы театралдык жабдуулар орнотулган.
“Бул зал-трансформер болуп саналат. Аны ар кандай форматка ылайыкташтырууга болот. Актёрлордун чыгармачылык менен иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Былтыр атайын театралдык жабдуулар толугу менен жаңыланып, жаңы техникалар орнотулду”, – деди Мирбек Мамбеталиев.
Өз кезегинде театрдын директору Акылбек Алыбаев көрүүчүлөрдү тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, спектаклдердин репертуары социалдык тармактар аркылуу жарыяланып, мектептер, колледждер жана орто атайын окуу жайлары менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлөт.
Ошондой эле ал театрдын чыгармачыл курамында 33 актёр эмгектенерин билдирди.
“Жалпысынан театрда 83 штаттык бирдик бар. Алардын катарына техникалык кызматкерлер, административдик персонал, бухгалтерия жана башка кызматкерлер кирет. Театрдын имаратынын курулушу 1939-жылы башталып, согуш жылдарынан улам токтоп калган. Имарат 1951-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери мындай масштабдагы капиталдык оңдоо биринчи жолу жүргүзүлүп, реконструкциялык иштер 2024-2025-жылдары бир жарым жыл ичинде аяктады”,-деди ал.