“Кыргызфильмде” тасма тартууга арналган жаңы мейкиндиктер түзүлүүдө

Маданият Загрузка... 14 Июль 2026 16:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында тасма жана сериалдарды тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында журналисттерге билдирип, мекемедеги жаңылануу иштери менен тааныштырып чыкты.

Министрдин айтымында, мурда киночулар айрым эпизоддорду тартуу үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерге кайрылууга аргасыз болушкан.

"Мисалы, сот залындагы көрүнүштөрдү тартуу үчүн сот органдарынан уруксат алуу, түрмө, оорукана сыяктуу жайларды колдонуу зарыл болчу. Эми мындай шарттар “Кыргызфильмдин” өзүндө түзүлүүдө. Анын аймагында сот залы, убактылуу кармоочу жайдын көрүнүшү, абактагы жолугушуу бөлмөлөрү, батир, подъезд сыяктуу ар кандай турмуштук көрүнүштөрдү тартууга ылайыкташкан атайын павильондор жабдылууда. Бул чыгармачыл топторго бир жерден туруп ар түрдүү сюжеттерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле күнүмдүк турмуштагы көрүнүштөрдү тартууга ылайыктуу жайлар түзүлөт”, — деди министр.

Мындан тышкары, киностудиянын монтаждоо бөлүмдөрү да жаңыланууда. Адистер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, алар студиядан чыкпай эле күнү-түнү иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле телекоммуникациялык жабдуулар, камералар жана үн жаздыруу техникалары жайгаштырылат.

Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, ошондой эле “Кыргызфильмде” Dolby Atmos форматындагы заманбап үн жаздыруучу студия ачылууда.

"Буга чейин кыргыз киночулары тасмалардын үнүн сапаттуу жаздыруу үчүн чет өлкөлөргө, анын ичинде Москвага барып келишкен. Жаңы студия бул маселени өлкө ичинде чечүүгө шарт түзөт”,-деди министр.

Долбоордун алкагында бул оңдоо жана инфраструктуралык иштерге болжол менен 60 миллион сом каралган. Реконструкция ушул жылдын февраль айында башталган жана аны октябрь айына чейин аяктоо пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кинематография тармагында жылына орто эсеп менен 80ге жакын тасма тартылат. Алардын 20га жакыны мамлекеттин катышуусунда ишке ашырылат.