Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бүгүн Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик катчы, президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Арслан Койчиевдин жетекчилиги алдында комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында "Кыргыз тарыхы" аттуу 16 томдук фундаменталдуу академиялык басылманын 11-16-томдорунун түзүмү жана концепциясы каралды. Жооптуу редакторлор сунушталган материалдарды тааныштырып, томдордун камтый турган тарыхый мезгилдери, негизги багыттары жана пайдаланылуучу булактары боюнча маалымат беришти.
Талкуунун жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү кыргыз элинин тарыхын илимий негизде мезгилдештирүү, айрым темаларды толуктоо, бөлүмдөрдүн түзүмүн өркүндөтүү, жаңы архивдик, археологиялык жана жазма булактарды кеңири пайдалануу, ошондой эле томдордун ортосундагы концептуалдык жана логикалык биримдикти камсыз кылуу боюнча сунуштарын айтышты.
Мамлекеттик катчы фундаменталдуу көп томдукту даярдоо мамлекеттик маанидеги стратегиялык илимий долбоор экенин белгилеп, ага өлкө башчысы тарабынан тиешелүү суммадагы каражат бөлүнгөнүн маалымдады.
Ошондой эле басылма илимий тактыкка, тарыхый объективдүүлүккө жана жогорку академиялык талаптарга жооп берип, кыргыз элинин тарыхын жаңы илимий деңгээлде системалаштырууга, улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө жана тарыхый мурастын келечек муундарга ишенимдүү жеткирилишине кызмат кылууга тийиш экенин баса белгиледи.