"Ачык кабинет": Минкаб төрагасы Түндүк айланма жолу менен таанышты

Коом Загрузка... 13 Май 2026 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Түндүк айланма жолунун курулушу менен таанышты.

Минкаб төрагасы буга чейин Ысык-Көл облусунда болуп, учурда аталган жерге тик учак менен келип конду.

WhatsApp Image 2026-05-13 at 15.29.22 (1).jpeg

Ага жолдун курулушуна колдонулуп жаткан асфальт материалдары, жол карталары көрсөтүлдү.

WhatsApp Image 2026-05-13 at 15.30.08.jpeg

Белгилей кетсек, Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Жол 6 тилкеге чейин кеңейтилип, транспорттук түйүндөрдө 2+2 тилке каралат. Ар бир тилкенин туурасы эл аралык стандартка ылайык 3,75 метр болот.

Учурда Алматы–Бишкек–Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланып жатат.

WhatsApp Image 2026-05-13 at 12.11.12.jpeg

Долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган: анын 11и жаңыдан курулуп, экөө капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле көпүрөлөр кеңейтилүүдө.

Мындан тышкары, бул тилкелерде жол чырактары орнотулбайт. Бул унаалардын үзгүлтүксүз жана тыгынсыз кыймылын камсыздоого шарт түзөт.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн жер үстүндөгү өтмөктөр, 2,25 метрлик тротуарлар жана заманбап жарыктандыруу системасы каралган.

Белгилей кетсек, "Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырууда.