Адыгене мөңгүсүн изилдеген алгачкы аял илимпоз: Ири мөңгүлөр эрип, майдаланып кетти

Экология Загрузка... 29 Май 2026 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Ак кар, көк муз каптаган бул жер Адыгене мөңгүсү. Атактуу Ала-Арча капчыгайында жайгашкан. Бишкектен 44 чакырым алыстыкта, 4,3 чарчы километр аянтты ээлейт. Бул мөңгүнү Гүлбара Оморованын иш аймагы десе болот. Ал Кыргызстандагы мөңгүлөрдү изилдеп жүргөн алгачкы аял илимпоздордун бири. Оморова эрте жаздан кеч күзгө чейин ушул тегеректе убактысын өткөрөт.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 18.35.55.jpeg

“Былтыркыга караганда быйыл Адыгене мөңгүсүнө кар эки эсе көп түштү. Тилекке каршы, климаттын өзгөрүүсүнөн улам кар топтолбой, эрип кетип жатпайбы. 2025-жылы аба ырайы өтө ысык болгондуктан, биздин мөңгүлөр үчүн аябай оор жыл болду”, — дейт гляциолог.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 18.34.24.jpeg

Гүлбара Оморова башында Кыргызстандагы көлдөрдү изилдечү. 2019-жылы мөңгүгө чыгып, кызыгып калган. Көп өтпөй Улуттук илимдер академиясына гидрология, суу ресурстары, гидрохимия боюнча аспирантурага тапшырып, ошондон берки 5 жылы экспедицияга, талаа изилдөөлөрүнө жана практикалык иштерге бай тажрыйба менен өтүп келет. Бизге түбөлүктөй сезилген жалама муз аскалары акырындык менен жукарып, четинен кемип жатканын өз көзү менен көрүп, жакага капаланып түшөт. Акыркы жолу ушул жылдын май айында барып келди.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 18.37.08.jpeg

“Адыгене мөңгү комплекси аябай чоң геоморфологиялык, тарыхый мөңгүлөр үчүн архивдик маалымат. Көп тараптуу изилдөөлөрдү өткөрүүгө болот. Мөңгүнүн абалы климаттык, антропогендик шарттарга түздөн-түз байланыштуу. Кар көчкү коркунучу жок болсо, апрелден баштап бара беребиз. Бирок жылдан жылга мезгил өзгөрүүдө. Буга карабай ар бир сезонду, айды өткөрүп жибербей, илимий иштерди жүргүзүп турушубуз керек”, — деди илимпоз.

Мөңгүнү изилдөө оңой эмес. Адыгене мөңгүсү 3500–4200 метр бийиктикте жайгашкан. Илимпоз жеке керек-жарактарынан сырткары, салмагы 10 килограммдан ашык приборлорун артынып чыгат. Чакырымдаган мөңгүнүн чокусунан, ортосунан, четинен муз казып, изилдөөчү куралдарын орнотот.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 18.34.39.jpeg

“Адыгене тез деградация болуп, артка чегинип жаткан мөңгүлөрдүн бири. Деги эле Ала-Арча биз үчүн изилдөө полигону, ал жерде гляциологиялык станция бар. Салыштыруу үчүн анын жанындагы мөңгүнү да мониторинг кылабыз. Аянтын, муздун эришин, кардын көлөмүн, суунун агымын көзөмөлдөп, масс-балансты өлчөйбүз. Кар канча топтолуп, муз канча эригенин аныктайбыз”, — дейт Гүлбара Оморова.

Илимпоз мөңгүлөрдү эле эмес, алардан пайда болгон көлдөрдүн тереңдигин, мөңгү суудан пайда болдубу, кардан топтолдубу же жер астында көмүлүп калган муздар эрип жатабы деген суроолорго илимий жооп издейт. Анткени мөңгү көлдөрү ташып, селди, кыйратууларды пайда кылышы ыктымал. Андан сырткары, жаан-чачын сымал метеорологиялык байкоолор да бар. Бул талдоолор бизге ашыкча машакаттай көрүнгөнү менен мааниси өтө чоң. Климаттын өзгөрүшүнүн таасирин түшүнүүгө, экосистемаларды коргоого жана суу ресурстарын алдын ала пландаштырууга, адаптациялык стратегияларды түзүүгө жардам берет.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 18.35.22.jpeg

“Мисалы, башаламан курулуштардан чыккан чаң жана зыяндуу заттар мөңгүнүн альбедосун төмөндөтөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, таза ак кар менен муз күн нурун кайра чагылдырып турат. Эгер мөңгүнүн бети булганса, муз карарып, күндүн жылуулугун көбүрөк сиңире баштайт. Натыйжада эрүү процесси ылдамдайт. Бизде мурда мөңгүнү тешип, кандай эрип жатканын изилдеген прибор жок болчу. “Айыл Банктын” каржылык колдоосу менен 5000 еврого жасаттык. Үч жылдан бери эч кимге көз каранды болбой, муздун калыңдыгын өзүбүз изилдеп келебиз. Бирок бизде дагы деле георадар, мөңгүгө түшкөн чаңды жана муз алдындагы өзгөрүүлөрдү изилдей турган заманбап приборлор жетишсиз”, — дейт гляциолог.

Коомчулук климаттын өзгөрүүсүнө, абанын ысыганына, мөңгүлөрдүн эригенине абстрактуу мамиле кылып жатканына кейийт.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 18.33.32.jpeg

“Өзбекстан, Тажикстанга барсам, аларда деле ушундай көрүнүш. Президент Садыр Жапаровдун климаттык, экологиялык демилгелерин колдойм. Анткени абалды өз көзүм менен көрүп жатам, көйгөйдү жеринен билем. 1970-жылдагы инвентаризацияда Кыргызстанда 8164 мөңгү бар жана алардын аянты 7944 чарчы километр деп санашкан. Андан бери жарым кылымдан ашты, мөңгүлөр деградация болду, аянтын өзгөрттү. Жоготуулардын реалдуу масштабын түшүнүү үчүн жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүшүбүз керек. 2013–2016-жылдардагы спутниктик сүрөттөргө негизделген Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн жаңы каталогу боюнча мөңгүлөрдүн саны көбөйүп, 9959ду түзгөн. Ошол эле учурда аянты кыскарып, 6684 чарчы километр болду. Бир караганда мөңгүлөр көбөйгөндөй сезилет, бирок андай эмес. Ири мөңгүлөр эрип, майдаланып кетти”, — деп эскертти Оморова.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 18.35.00.jpeg

Деги эле мөңгүлөр климаттын өзгөрүшүнүн эң негизги индикатору болуп саналат. Ошол эле убакта муздардын эришин толугу менен токтотуп кала албайбыз. Изилдөөчүнүн айтымында, изилдөө болбосо эмнеге сел жүрүп жатканын, табигый кырсыктардын себебин, суу тартыштыгынын төркүнүн түшүнбөй калабыз. Илимий изилдөөлөр абалды туура баалап, коопсуздук, суу ресурстары, энергетика, ӨКМ, айыл чарбасы, туризм сымал багыттардын ишмердигин кесепетсиз пландаштырууга жардам берет.