Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Эмки жылы 30дан ашык мектеп курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Адылбек Касымалиев президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы өлкөдө курула турган мектептердин тизмесин атады:
- - Бишкек шаары – 20 мектеп,
- - Ош – 10 мектеп,
- - Манас шаары – 6 мектеп.
Өлкө аймагындагы авариялык абалдагы мектептер толугу менен ремонттолуп, жаңыланат.
“Бишкекте 2023-жылы 15 мектеп курулду. Андан бери бир нече мектептер салынды. Бирок, бул да борбор калаага жетишсиз болууда”, - деди минкаб жетекчиси.