Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө тапшырылат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат.
"Документти тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине иш-чараны өткөрүү үчүн ар кандай акча каражаттарын чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине көрсөтүлгөн иш-чарадан тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынарын эскертет.