Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай Саламаттык сактоо министрлигине 100 унаанын ачкычы тапшырылды.
Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттары боюнча сөз сүйлөп, андан соң ведомствого ата мекендик өндүрүштөгү унаалардын ачкычын тапшырды.
Касымалиев президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан дарыгерлерди, медайымдарды жана тармактын ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын асыл эмгегинин терең маанисин баса белгиледи.
"Мекендин эң чоң байлыгы – бул анын эли. Калктын ден соолугу бекем болсо, мамлекет чыңдалат, экономикасы өнүгөт жана келечекке ишеним артат. Дал ошондуктан жарандарыбыздын ден соолугу биз үчүн биринчи орунда турат. Биз саламаттыкты сактоого бөлүнгөн ар бир сомду чыгаша катары эмес, узак мөөнөттүү инвестиция катары карайбыз. Калктын жашоо сапаты жана адамдык капиталдын өнүгүшү түздөн-түз бул тармактын өсүшүнөн байланыштуу”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы жылдары байкалган туруктуу экономикалык өсүш мамлекетке социалдык тармакты, анын ичинде саламаттыкты сактоону каржылоону кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ал конкреттүү цифраларды мисал келтирди: 2021-жылы саламаттыкты сактоо тармагынын бюджети 21,5 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 2,4 эсеге өсүп, 52 млрд сомго жеткен. Минкаб төрагасы ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы дагы бир жолу көтөрүлүп, буга кошумча бюджеттен 18,5 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Ал өз сөзүндө республиканын бардык аймактарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.
"Биздин негизги артыкчылыгыбыз туруктуу бойдон калышы керек: адам ири шаар борборундабы же эң алыскы бийик тоолуу айылдабы, мамлекеттин камкордугун бирдей деңгээлде сезиши керек. Ар бир жаран өз убагында, сапаттуу медициналык жардам алууга укуктуу", - деп баса белгиледи Касымалиев.
Ошондой эле ал ата мекендик өндүрүштөгү унаалар аймактардагы медицина кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн жогорулатып, бейтаптарга баруу убактысын кыйла кыскартып, жетүүгө кыйын аймактарда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.
Сөзүнүн аягында Касымалиев дарыгерлерге, анын ичинде алыскы жана тоолуу райондордо иштеген дарыгерлерге кызматына берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, медицина тармагынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.